Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компания "кара тизмеге" кирди

Коом 22 10 Август 2026 15:50
4bcf6e13-d88a-4102-a1fa-4e04e42bb7e0.jpg
0af1e62c-73f4-49ec-aa0a-2660c7031764.jpg
4cf44e24-372b-48a0-93e6-f9ed3e543308.jpg
9af19fbc-843b-42ef-9f43-a382c2323373.jpg
951e88a7-7ff8-4fd0-9fee-fc2c182132c6.jpg
1777006f-8226-42f3-879c-44610ccc7e78.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар кичи районунда мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Улан Строй Компани" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулуп, "кара тизмеге" киргизилди.

“Курулуш иштеринин жүрүшүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуар бузулуп, коопсуздук жана курулуш талаптары сакталбаганы аныкталган. Ошондой эле объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан иш жүргүзгөн”,–деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, компанияга бузулган тротуарды толук калыбына келтирүү тапшырылды. Объекттеги оор жүк ташуучу атайын техникаларды колдонууга убактылуу тыюу салынды.