Анталия, 12.11.26. /Кабар/. Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча 31-конференциясынын (COP31) алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын улуттук павильонуна барды.
Минкаб төрагасы Кыргызстандын расмий делегациясы менен биргеликте улуттук павильондон даам ооз тийип, аянтчанын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Бул учурда улуттук павильондо COP31дин алкагында билим берүү багытында иш-чара өтүп жаткан.
Белгилей кетсек, аянты 100 чарчы метрди түзгөн улуттук павильон Кыргызстандын эл аралык климаттык аянтчадагы мүмкүнчүлүктөрүн, экспорттук жана инвестициялык потенциалын, ошондой эле улуттук маданий мурастарын тааныштыруу максатында түзүлгөн.
Павильон климаттык конференция учурунда 9-20-ноябрда өлкөнүн климаттык күн тартибин жана туруктуу өнүгүү багытындагы демилгелерин жайылтуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын көрсөтүү, эл аралык байланыштарды чыңдоо жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн көп функционалдуу аянтча катары кызмат кылууда.