Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо жана аларга өз убагында колдоо көрсөтүү маселелерине байланыштуу жыйын өткөрдү.
Жыйынга мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча аракеттердин натыйжалуулугу, жабырлануучулар үчүн колдоо көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык кызматташуу маселелери талкууланды.
Жолугушууда ошондой эле тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жабырлануучулар үчүн коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча баяндамалары угулду.
Жыйындан соңунда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алдын алуу иштерин күчөтүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, зомбулукка кабылуу алдында турган үй-бүлөлөрдү эрте аныктоону камсыз кылуу, ошондой эле жабырлануучуларды коргоо жана аларга өз убагында зарыл жардам көрсөтүү тапшырылды.
Мындан тышкары, тиешелүү министрликтерге жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, бөгөт коюуга, ошондой эле зомбулук фактыларына өз убагында чара көрүүнү камсыздоого багытталган 2027-жылга карата иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана анын натыйжалуу аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды.
Бул ишти жеке көзөмөлгө алуу, көрүлүп жаткан чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу жана жетишилген жыйынтыктар үчүн кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгына өзгөчө басым жасалды.