Чым-Коргондогу темир жол бекети убактылуу жабылат. Себеби

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 15:00
5305295113745538614.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. 30-июнда саат 10:00дөн 14:00гө чейин Чым-Коргон айылындагы Казакбаев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, аталган бекет Токмок – Кемин аралыгынын 3858-чакырымында жайгашкан.

"Айланма жол катары Жаңы-Алыш айылындагы 3865-чакырымдагы темир жол өтмөгү пайдаланылат", — деп айтылат маалыматта.