Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланат

Коом 21 Апрель 2026 11:00
677048759_1465153285651215_4953981896887402013_n.jpg
672684324_1465153295651214_8083833602773080224_n.jpg
672685718_1465153205651223_6264577936668045804_n.jpg
672685892_1465153195651224_7022934081224022669_n.jpg
672688826_1465153395651204_4311501047595905122_n.jpg
673860668_1465153385651205_5313511998638229634_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ленин муниципалдык администрациясы

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи жаңыланат. Бул тууралуу Ленин муниципалдык администрациясынан билдиришти.

Буга байланыштуу көчмө жыйын өтүп, анын жүрүшүндө үй-музейдин имаратын калыбына келтирүү, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин күчөтүү, заманбап сугаруу системасын орнотуу жана тышкы жарыктандырууну жаңылоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле аймактагы инфраструктураны жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштар айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга белгиленген мөөнөттө аткарууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.