Бишкек, 28.12.25 /Кабар/. Бүгүн “Чуңкурчак” тоо-лыжа базасы расмий түрдө ишин баштады.
Иш-чара президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Аламүдүн районунун администрациясынын өкүлдөрүнүн жана лыжа сүйүүчүлөрдүн катышуусунда өттү.
Базанын иши - Чүй өрөөнүнүн туристтик потенциалын жогорулата турчу демилгелердин бири болуп саналат.
Белгилей кетсек, “Чуңкурчак” тоо-лыжасы Бишкек шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын бийиктиги 2300 метрди түзөт.