Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 2-6-июнь күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
"ӨКМ жарандарга сак болууну жана жолдо коопсуздук чараларын алдын алууну эскертет" - деп айтылат маалыматта.