Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 11 февраль 2026 09:44
Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

ӨКМдин Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

Министрлик катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.

"Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуу кажет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болгондо "112" кызматына токтоосуз билдирүү сунушталат. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.