Чолпон-Атада Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт

Маданият Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 15:40
1cda8031-f5cb-4791-becc-46c33b4005bc.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. 27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Өзбекстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мш-чаранын алкагында Өзбекстандан 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрүнөн турган чыгармачыл делегация келет.

Концерттик программаларда белгилүү артисттер, музыкалык жана бий жамааттары, анын ичинде "Навбахор" жана "Тумор" ансамблдери, Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри катышат.

Маданият күндөрүнүн ачылыш аземи 27-июлда "Рух Ордо" маданий борборунда, ал эми жабылуу аземи 28-июлда Бостери айылындагы "Дордой Номад" аренасында өтөт.

Иш-чара кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана эки элдин достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган.