Чолпон-Атада "Мейкин Азия" фестивалынын үчүнчү күнү башталды

Маданият 1297 22 Июль 2025 21:30
WhatsApp Image 2025-07-22 at 18.18.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 18.18.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-07-22 at 18.18.39 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-07-22 at 18.18.39.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 22.07.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Мейкин Азия" фестивалынын үчүнчү күнү башталды.

Салтанаттуу иш-чарага бүгүн президент Садыр Жапаров, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев жана бир катар маданият өкүлдөрү катышууда.

Учурда жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи жана белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң концерттик программа өтүп жатат.

Ал эми иш-чаранып кечки бөлүгүндө атактуу ырчы Димаш Кудайберген өзүнүн чыгармаларын аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулайт.

Белгилей кетсек, сынактын гран-при сыйлыгы катары жеңүүчүгө 8 миң доллар, ал эми биринчи орунга 5 миң доллар каралган.