Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынынын чечимдерин ишке ашырууга, соода-экономикалык жана транспорттук кызматташууну өнүктүрүүгө, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелерине, ошондой эле консулдук, суу чарба жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнө оң баа берип, жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруу боюнча тыгыз координацияны улантууга даяр экендиктерин ырасташты.
Министрлер ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, коопсуздук жана БУУнун, ШКУнун, КМШнын жана ЖККУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук, ынак коңшулук жана өз ара урматтоо духунда кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.