Чолпон-Атада Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары жолукту — Кабар

Чолпон-Атада Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары жолукту

Саясат 29 июнь 2025 14:51
87a0aa56-32ff-394a-b30f-ae0cc407efaa.jpg
FB_IMG_1751187522815.jpg
3826d6fa-2e87-3d3c-bf3a-65da154812b1.jpg
FB_IMG_1751187524846.jpg
FB_IMG_1751187526971.jpg
FB_IMG_1751187528998.jpg
FB_IMG_1751187520375.jpg
FB_IMG_1751187517938.jpg
Алдыга
Артка
87a0aa56-32ff-394a-b30f-ae0cc407efaa.jpg
FB_IMG_1751187522815.jpg
3826d6fa-2e87-3d3c-bf3a-65da154812b1.jpg
FB_IMG_1751187524846.jpg
FB_IMG_1751187526971.jpg
FB_IMG_1751187528998.jpg
FB_IMG_1751187520375.jpg
FB_IMG_1751187517938.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 29.06.25. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.

Мындан тышкары, министрлер жогорку деңгээлдеги мурдагы визиттердин алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы боюнча пикир алмашып, эки тарап тең кыргыз-россия мамилелеринин сапатын мындан ары да жогорулатууга жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Эл аралык жана аймактык уюмдардын, анын ичинде БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка интеграциялык бирикмелердин алкагында кызматташууну мындан ары да чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөр салттуу түрдө ачык маанайда, ишеним жана өз ара түшүнүшүү духунда өттү. Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды бекемдөөгө, практикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана өнөктөштүктү тереңдетүүгө даяр экендиктерин дагы бир жолу тастыкташты.

Саясий диалогдун жогорку деңгээлдеги активдүүлүгү өзүнчө белгиленип, мамлекет башчыларынын, парламенттердин жана өкмөттөрдүн деңгээлинде үзгүлтүксүз байланыштар уланып жаткандыгы баса көрсөтүлдү.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары аныкталып, 2025-жылга пландаштырылган жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги жана мазмуну такталды.

Ошондой эле тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев миграция маселелерине өзгөчө басым жасап, Россия Федерациясынын аймагында жашап эмгектенип жаткан кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.