Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Анда келечектүү багыт катары Чоң-Туз кенинин базасында заманбап дарылоочу санаторий комплексин түзүү каралары айтылды. Табигый туздун уникалдуу дарылоо касиеттери жана саламаттык сактоо туризмин өнүктүрүүнүн жогорку потенциалы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Инфраструктураны модернизациялоо жана заманбап комплекс куруу Чоң-Тузду өлкөдөгү алдыңкы санаторийлик-курорттук дарылоо борборлорунун бирине айлантууга мүмкүндүк берет.