Чоң Чүй каналынын жээгине сейил бак курулуп, жол салынат

Коом 1393 27 Март 2026 10:35
1774537228_large.jpeg
1774537264.jpeg
1774537270.jpeg
1774537285.jpeg
1774537294.jpeg
1774537311.jpeg
1774537333.jpeg
Алдыга
Артка
1774537228_large.jpeg
1774537264.jpeg
1774537270.jpeg
1774537285.jpeg
1774537294.jpeg
1774537311.jpeg
1774537333.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чоң Чүй каналынын жээгин көрктөндүрүү иштери менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда каналдын Жаш Гвардия бульварынан Элебаев көчөсүнө чейинки аралыгын иретке келтирүүнүн биринчи этабы жүрүүдө.

Биринчи этапка аймакты камыштардан жана бадалдардан тазалоо, канал жээгиндеги дарактарды санитардык бутоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды демонтаж кылуу кирет. Бул иштерди аткарууга 10дон ашык атайын техника жана 30га жакын кызматкер тартылган.

Экинчи этапта жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү жана жол куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө каралган. Ал эми үчүнчү этапта сейил бак куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга суу коргоо аймагын бузган объекттерге карата чара көрүү тапшырмасы берилди.

"Бул долбоор аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу жайын түзүүгө жана айланасындагы коопсуздукту жогорулатууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.