Чоң Чүй каналынын жээгинде жаңы жол курулат: Мыйзамсыз курулуштар алынууда

Коом 29 Июнь 2026 14:45
733095570_1967867090525639_5398653213971613488_n.jpg
732253084_1536250864665843_3798875918654659808_n.jpg
Алдыга
Артка
733095570_1967867090525639_5398653213971613488_n.jpg
732253084_1536250864665843_3798875918654659808_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээгинде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Долбоор Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкени камтыйт. Курулуш иштерине тоскоолдук жараткан мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштеринин алкагында төмөнкүлөр алынды:

  • 1 жеңил типтеги объект;
  • 9 жеңил тор конструкциядагы объект;
  • 3 капиталдык тосмо.
"Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында муниципалдык менчиктеги жалпы аянты 2 620 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз курулуштардан бошотулду",-деп айтылат маалыматта.