Чоң-Алайда дыйкандар таза азык-түлүк өндүрүүнүн сырларын үйрөнүүдө

Аймак 407 22 Июнь 2026 12:25
WhatsApp Image 2026-06-22 at 11.54.47 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-22 at 11.54.47.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-22 at 11.54.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-22 at 11.54.48 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-22 at 11.54.48 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Чоң-Алай районунда дыйкан-фермерлер үчүн "Катышуу аркылуу кепилдик берүү системасынын (PGS) негизинде өндүрүлгөн органикалык продукцияларды сертификаттоонун жол-жоболору жана документтештирүү" темасында окуу семинары өткөрүлүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, семинар Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан уюштурулууда.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар органикалык продукцияларды сертификаттоонун тартиби, талаптары жана тиешелүү документтерди даярдоо боюнча теориялык жана практикалык билим алышууда.

Иш-чара президенттин "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында уюштурулууда.