Чүйдүн Темен-Суу айылында алгачкы бала бакча ачылды

Коом Загрузка... 20 Март 2026 13:28
IMG_1695.jpeg

Бишкек. 20.03.26. /Кабар/. Чүй облусунун Москва районуна караштуу Темен-Суу айылында ”Билим-Тай 2” жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылышы болуп өттү.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чара мамлекеттик “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит” долбоорунун алкагында ишке ашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Темен-Суу айылында бала бакча болгон эмес.

Жаңы бала бакчада балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган заманбап шарттар түзүлгөн. Тарбиялануучулар үч тилде билим алышып, логопеддин кызматынан пайдалана алышат. Ошондой эле актердук чеберчилик жана кулинардык көндүмдөр боюнча кошумча сабактар уюштурулуп, балдардын чыгармачылык жана практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.