Чүйдүн Сын-Таш айылында заманбап спорткомплекси курулду

Коом Жүктөлүүдө... 29 Июнь 2026 11:00
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында заманбап үлгүдөгү жаңы спорт комплекси курулду. Бул тууралуу Курулуш, министрлигинен билдиришти.

Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 64 млн сомду түздү. Башкы планга ылайык, спорт комплекси эки кабаттуу А жана Б блокторунан турат. Имараттын жалпы аянты 620 чарчы метрди түзөт.

"Спорт комплексинде футбол, волейбол жана баскетбол оюндарына ылайыкталган көп функционалдуу зал, гимнастика жана күрөш залдары, машыктыруучунун кабинети, ошондой эле бардык шарттары каралган кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.