Чүйдөгү "Манас" соода-логистикалык шаарчасынын курулушу текшерилди

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Аламүдүн районунда курулуп жаткан "Манас" соода-логистикалык шаарчасынын курулушу менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 1-майында башталган улуттук инвестициялык долбоор бир нече этаптан турат. Биринчи этапта 11 кабаттуу 4 турак жай, мейманкана, соода-бизнес борборлору курулса, кийинки этаптарда логистикалык кампалар жана башка инфраструктуралык объектилер каралган. Долбоорду "Хунан курулуш инвестициялык" тобу ишке ашырууда, ал эми буйрутмачы – "Кыргыз-кытай инвестициялык холдинг" ЖЧКсы.

Нурдан Орунтаев текшерүү учурунда жумуштун сапатына, коопсуздукка жана мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурду. Белгилүү болгондой, учурда компаниянын эсебинде 6 млн АКШ доллары бар.

Инспекциянын жыйынтыгында министрлик тарабынан имараттар кеминде 3-4 кабатка көтөрүлгөнгө чейин турак жайларды сатыкка чыгарбоо жана жарнамалабоо талабы коюлду. Ошондой эле курулуш иштерин ыкчам жүргүзүү жана каржылык каражаттарды ачык-айкын көрсөтүү, мыйзамга ылайык уставдык капиталды толуктоо милдеттендирилди.

Бул чаралар жарандардын кызыкчылыгын коргоого жана курулуш тармагындагы тобокелдиктерди азайтууга багытталган.