Чүйдө мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо фактылары аныкталды

Аймак 391 24 Июнь 2026 09:10
730420973_1352140717113721_7528667513374313968_n.jpg
728491433_1007799325297618_174295506086535264_n.jpg
729522994_1730861451499718_2947345707197871119_n.jpg
729705744_3604974889678967_4515995001333754858_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Чүйдө мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Жайыл, Панфилов райондорунда жана Кара-Балта капчыгайында кезектеги рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык кылуу, балык уулоо жана жайыттарды унаа менен тебелетүү сыяктуу 10 факты аныкталды. Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 25 миң 500 сом айып салынды.

Ошону менен бирге инспекторлор тарабынан жергиликтүү тургундар, балыкчылар жана эс алуучулар арасында жаратылышты коргоо, балык ресурстарын сактоо жана айлана-чөйрөнү булгабоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.