Чүйдө мамкызматкерлерге шайлоо мыйзамдары түшүндүрүлдү

Коом 30 октябрь 2025 14:10
574076844_1328128445761638_2565194939250456045_n.jpg
573287691_1328128539094962_5196920438898991168_n.jpg
573300557_1328128519094964_3086061582257085389_n.jpg
573631289_1328128709094945_1315273774250343757_n.jpg
573849854_1328128635761619_1247505180490264622_n.jpg
573878510_1328128622428287_6448461466115601747_n.jpg
573898611_1328128799094936_2034789660031201891_n.jpg
574079941_1328128535761629_2234106691260175181_n.jpg
574086799_1328128632428286_8164653487635671953_n.jpg
574106065_1328128779094938_4226989764693763851_n.jpg
574351991_1328128699094946_2554307768967494568_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon УКМК

Бишкек, 30.10.25 /Кабар/. УКМК президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүндө шайлоо мыйзамдары боюнча жыйын өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери катышып, аларга өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын так сактоо зарылдыгы, аны бузууга жол берилбестиги, шайлоо процессине кийлигишпөө, ошондой эле "Шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө" жобонун зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саясий нейтралдуулугун сактоо, талапкерлерге парламентке ат салышуу үчүн административдик ресурстарды колдонууга тыюу салуу, үгүт иштерине катышуу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын башка жоболорун бузуу талаптары жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле аларга ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин өздөрүнө бекитилген аймактагы шайлоо процесси үчүн жеке жоопкерчилиги жөнүндө айтылды.

УКМКнын ушундай эле иш-чаралары Чүй облусу боюнча мэриялардын жана райондук мамлекеттик администрациялардын алдында, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызамткерлеринин, 800дөн ашык адамдын катышуусу менен өткөрүлдү, аларга КР шайлоо мыйзамдарынын жогоруда көрсөтүлгөн нормалары жана талаптары да жеткирилди.

Ошону менен бирге, ыкчам чара көрүү жана КР мыйзамдары менен тиешелүү иш- чараларды жүргүзүү максатында президенттин Чүй облусу боюнча өкүлү Канат Жумагазиевдин жетекчилиги алдында оперативдүү штаб түзүлдү. Ага укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилери киришти.