Чүйдө эки тоо текенин күч сынашканы видеого тартылды

Коом 28 сентябрь 2026 10:55
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Чүй облусунун тоолуу аймактарынын биринде эс алуучулар эки тоо текенин күч сынашкан учурун видеого тартып алышты.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, кадрда эки эркек тоо текенин бири-бири менен сүзүшүп, күч сынашканы, ал эми алардын айланасында башка тоо текелер менен эчкилер топтолуп турганы көрүнөт.

Адистердин маалыматына ылайык, мындай көрүнүш тоо текелеринин табигый жүрүм-турумунун бири. Айрыкча көбөйүү мезгилинде эркек текелердин ортосунда үстөмдүк үчүн атаандаштык күчөшү мүмкүн.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасап, алардын жашоо чөйрөсүнө кийлигишпөөгө чакырды.