Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Жайыл районунун базарларында быйылкы жылдын алгачкы кулпунайы сатыкка чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, негизинен альбион сорту сунушталып, ал Жайыл жана Панфилов райондорундагы фермерлер тарабынан өстүрүлгөн. Алгачкы түшүм ири, ширелүү болуп, сатып алуучулар арасында жогорку суроо-талапка ээ болууда.
Айыл чарба министрлиги тарабынан дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп, эрте түшүм алуу үчүн заманбап агротехнологияларды колдонууга шарт түзүлүүдө.