Чүй жана Талас облустарында жамгыр жаайт — 1-ноябрга күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 01 Ноябрь 2025 09:06
110961797.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарынын аймактарында жамгыр жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +5 ... +10, Талас жергесинде +5... +10, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +13... +18, Ысык-Көл жана Нарында +8... +13, Ал эми Бишкек шаарында +8... +10 градус болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.