Чүйдө суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды

Укук тартиби 1278 08 Июнь 2026 11:35
717140718_991540576832405_1802494585194026174_n.jpg
717186261_991541766832286_246251427921237719_n.jpg
Алдыга
Артка
717140718_991540576832405_1802494585194026174_n.jpg
717186261_991541766832286_246251427921237719_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө жалпысынан 3 мыйзамсыз соода түйүнү аныкталган. Алардын экөөнө калктуу конуштардын аймагында жайгаштырылган автоцистерналарды коопсуздук талаптарына ылайык аймактан чыгаруу боюнча милдеттүү сунуштар берилди.

Бир объект боюнча учурда тиешелүү мыйзам чегиндеги чаралар көрүлүүдө.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын көңүлүн калктуу конуштардын ичинде көчмө унаада газ толтуруучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынганын эскертет.

“Өзгөчө жай мезгилинде абанын температураснын жогору болушу мындай объектилердин кооптуулугун күчөтөт. Коопсуздук талаптарынын сакталбашы бир эле учкундан өрт чыгып, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө ири зыян келтирүү коркунучун жаратат”, - деп айтылат маалыматта.