Рейддик иш-чара: Кара-Балтада “ИхсанЭко Групп” ишин токтотту

Экология
Рейддик иш-чара: Кара-Балтада “ИхсанЭко Групп” ишин токтотту
copyright icon Кабар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Кара-Балтадагы мурдагы товардык комбинаттын аймагындагы “Ихсан Эко Групп” компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Жарандардын арыздарынан кийин аянтчанын ээлери объектини жабышты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Расул Жусупов билдирди.

Текшерүү абанын булганышынын алдын алууга жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган рейддин алкагында өткөрүлдү.

Жусуповдун айтымында, объект Кара-Балта шаарынын түштүк өнөр жай аймагындагы Кожомбердиев көчөсүндөгү 1А дарегинде жайгашкан. Рейд учурунда адистер аянтта эч кандай жумуш жүргүзүлбөй жатканын аныкташкан.

Компаниянын өкүлү уюм келерки жылы жер тилкесине арыз берүүнү пландап жатканын билдирди. Бул маселе чечилгенден кийин, компания 2027-жылы ишин улантууну көздөп жатат.