Чүйдөгү мал базарларга бирдиктүү саясат иштелип чыгат – өкүл

Аймак Загрузка... 13 Январь 2026 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Чүй облусунда мал базарлар боюнча бирдиктүү саясат иштелип чыгат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов облустук жыйында билдирди.

Анын айтымында, Чүйдүн аймагындагы жеке мал базарларды иретке келтирип, ишкерлер иштете албаган учурда муниципалдык мал базарларды түзүү иштери башталат.

“Мисалы, Кемин районунда жаңы мал базар салынып жатат. Чүй районунда кыска убакытта, 10 күн аралыгында шарттары менен убактылуу базар уюштурулду. Ал эми буга чейинки Токмок шаарындагы мал базар киши киргис абалда болчу. Макталып келген, муниципалдык Сокулук районунун мал базарына барып келдим, ал жакта деле бардыгы жакшы эмес. Малдын кирип чыгышын каттоо, ветеринардык көзөмөл начар, тарифтер түшүнүксүз. Ушулардын баарын иретке келтирип, накталай эмес төлөм жүргүзүүнү киргизүү зарыл”,- деди Осмонов.

Ошондой эле мындан ары эрежелерге жооп бербеген мал базарлар иштебестиги, ветеринардык жана санитардык көзөмөл милдеттүү болуп, малдын базарга кирип чыгуусу так эсепке алынышы керектиги маалымдалды.

“Буга чейин жеке мал базарлар ветеринардык, санитардык, экологиялык эрежелерге жооп бербесе да ишин улантып келген. Мен муну көз жумуу катары кабыл алам. Ал эми көз жумуп коюу - бул аракетсиздик аркылуу жасалган коррупция”, - деди ал.

Андан сырткары, мал базарлардын айланасындагы жана соода базарларындагы унаа токтотуучу жайлар этап-этабы менен санариптештирилип, QR-код аркылуу жана накталай эмес, автоматташтырылган төлөм системасы менен иштей баштарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында Токмок шаарындагы жеке мал базар ветеринардык, экологиялык жана санитардын талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу жабылган. Анын ордуна альтернативдик базар катары Чүй районунун Виноградное айылында убактылуу мал базар уюштурулган.

Ал эми облустук жыйынга катышкан Кемин районун акими Кутпидин Шакиров Чым-Коргон айыл өкмөтүндө учурда салынып жаткан заманбап мал базардын курулушун тез арада бүтүрүп, ишке берүүнү пландап жатышканын кошумчалады.