Чүй облусунда убактылуу мал базар курулууда

Коом Загрузка... 02 Январь 2026 23:20
IMG_0221.jpeg

Бишкек, 02.01.26. /Кабар/. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов Виноградное айылында курулуп жаткан мал базарын барып көрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда объектте курулуш иштери жүргүзүлүп, шагыл төгүү жана аймакты көрктөндүрүү иштери аткарылууда. Иш сапардын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү дыйкандар менен жолугуп, жаңы базарда сооданы уюштуруу жана иштөө шарттарына байланыштуу маселелерди талкуулады.

Маалым болгондой, буга чейин Токмок шаарында жеке менчик мал базары иштеп келген, бирок санитардык жана ветеринардык талаптар сакталбагандыгына байланыштуу жабылган. Ушуга байланыштуу Виноградное айылындагы мал базары жарандар мал соодасын тоскоолдуксуз жүргүзө ала турган убактылуу альтернативдүү аянтча катары каралууда.

Белгилей кетсек, аталган мал базар пилоттук долбоор катары ишке ашырылып жатат. Анын ишмердүүлүгүнө үч ай бою мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгына жараша мындан аркы өнүктүрүү жана ушундай аянтчаларды туруктуу негизде киргизүү маселеси каралат.