Кооздук жана коопсуздук: Чүй милициясы туристтерге арналган видео жарыялады

Коом Загрузка... 08 Июль 2026 09:45
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы аймактын туристтик потенциалына арналган видеоролик жарыялады.

Видеодо Чүй облусунун кооз жаратылыш ландшафттары, популярдуу туристтик объекттери, ошондой эле Кыргызстанда саякаттап жүргөн коноктор чагылдырылган.

Ошондой эле кыргыз жеринин кооздугу, тоо капчыгайлары, жашыл өрөөндөрү жана жыл сайын ар кайсы өлкөлөрдөн миңдеген туристтерди өзүнө тарткан кооз жерлери көрсөтүлгөн.

Туризмди өнүктүрүү аймактын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылмайынча мүмкүн эмес экенин белгилей кетүү керек.