Чет өлкөлөрдөгү салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салыкка өтүү мөөнөтү узартылды

Коом Загрузка... 11 Февраль 2026 10:50
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Кыргызстандын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландаган салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып 0,1 пайыз ставкасы боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш болгон.

Салык төлөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, салык салуунун аталган системасына өтүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режимине өтүү үчүн аймактык салык органдарына арыз менен кайрылууга чакырат.