Чет өлкөлөрдө добуш берүү активдүү жүрүп жатат – БШК төрагасы

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 08:42
WhatsApp Image 2025-11-30 at 08.41.35.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө добуш берүү активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, алгач Россиянын чыгышындагы шайлоо тилкелери Бишкек убактысынан 4-5 саатка эрте иштей баштады. Андан соң добуш берүүлөр Япония, Корея, Кытай, Малайзия жана Монголияда башталды.

“Бул өлкөлөрдө убакыт айырмасы 2-3 саатты түзөт. Айырмасы бир саат болгон мамлекеттерде дагы добуш берүү активдүү жүрүп жатат. Айрым өлкөлөрдө шайлоо тилкелери Бишкек убактысынан 3-5 саат кеч ачылат. Ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө 11-14 саатка чейин кеч ачылат”, - деди БШК төрагасы.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылды. Ал эми чет мамлекеттерде жарандардын шайлоо укугун камсыздоо максатында 100 шайлоо тилкеси түзүлдү. Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштеп жатат. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди. Шайлоодо жалпы 460 талапкер ат салышууда. Анын 271 – эркек, 189 – аял.

Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.