Чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата рейд башталат

Коом 3 ноябрь 2025 14:53
image_750x_6891ec974d402.jpg
WhatsApp Image 2025-11-03 at 14.44.26.jpeg
Алдыга
Артка
image_750x_6891ec974d402.jpg
WhatsApp Image 2025-11-03 at 14.44.26.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Жакынкы күндөрү чет өлкөлүк номерлүү унааларга карата ири масштабдагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин өткөрүлгөн рейддердин жүрүшүндө 1000ден ашуун чет өлкөлүк номерлүү унаа аныкталган.

Белгилей кетсек, өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, 1-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн мындай унаалар кыргыз номерлерин алуу милдетин аткарышы керек болчу. Номер албаган автоунааларды тетик катары сатылышы, өлкөдөн чыгарылышы же утилдештирилиши эскертилген.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү өткөрүлө турган рейддер учурунда чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталса, алар айып короо жайына токтотулуп, андан ары утилдештирилет.