Бишкек, 19.10.26 /Кабар/. Чет өлкөлүк инвесторлор кайсы тармактарга көбүрөөк инвестиция салып жаткандыгын “Кабар” агенттигине президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров айтып берди.
Башчынын айтымында, Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлорго экономиканын ар түрдүү тармактарындагы конкреттүү инвестициялык долбоорлорду сунуштайт.
“Өлкөбүздүн гидроэнергетикалык потенциалы чоң, ал эми электр энергиясынын салыштырмалуу жеткиликтүү баасы өнөр жайды, кайра иштетүү өндүрүшүн жана маалыматтарды иштетүү борборлорун өнүктүрүү үчүн маанилүү артыкчылык болуп саналат”, - деди ал.
Сабиров белгилегендей, инвестиция тартуу үчүн “жашыл” энергетика, тоо-кен казып алуу, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай, туризм, агроөнөр жай комплекси, шаардык инфраструктура жана санариптик экономика багыттарында кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой эле виртуалдык активдерди, блокчейн технологияларын жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү перспективдүү багыттардын катарына кирет.