Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү узартылды

Коом Загрузка... 16 Июнь 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.42.33 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин узартылды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, азыркы учурда айып короолорунда турган унаалардын ээлери унааларын алып чыгып, каттоодон өткөрө алышат.

Белгиленгендей, унааны мыйзамдаштыруудан мурун бардык топтолуп калган айып пулдар жана милдеттүү төлөмдөр толук төлөнүшү керек.

"Учурда айып короосунда турган унаалар үчүн өзгөчө жеңилдик каралган - бир суткага төлөм 50 сомду түзөт жана жалпы эсептелген суммадан 50 пайыздык арзандатуу берилет", - деп айтылат маалыматта.

ЖКККББ унаа ээрин берилген жеңилдиктерден жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, убактысынан кечикпей унааларын мыйзамдаштырып алууга чакырат.