Чет элдик инвесторлорго Кыргызстандын туристтик дарамети тааныштырылды

Коом 332 25 Июнь 2026 19:50
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.32 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.32 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.32.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.31 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.31.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.30 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-06-25 at 16.15.30 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. "SCO Business & Industry Expo Kyrgyzstan 2026" эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн келген ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация өкүлдөрү үчүн атайын маданий жана туристтик программа уюштурулду.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, меймандар "Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркында болушуп, Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы, туристтик потенциалы жана улуттук каада-салттары менен жакындан таанышты.

Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров мындай бейформал жолугушуулар өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн ачууда чоң мааниге ээ экенин белгиледи.

"Кыргызстан инвестициялык өнөктөштүк үчүн ачык. Эл аралык иш-чаралар бизнес өкүлдөрү, инвесторлор жана мамлекеттик институттар ортосунда түз диалог түзүүгө, кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого жол ачат", – деди Сабиров.

"Ала-Арчадагы" маданий программа эл аралык көргөзмөнүн уландысы болуп, катышуучулар ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түздү. Анын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда ар түрдүү тармактарда биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.