Чернобыль кырсыгына 40 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттү

Коом 27 Апрель 2026 12:10
1777187686.jpg
1777187642 (1).jpg
1777187621 (1).jpg
1777187718.jpg
1777187706.jpg
1777187702.jpg
1777187694.jpg
1777187690.jpg
1777187682.jpg
1777187674.jpg
1777187669.jpg
1777187665.jpg
1777187661.jpg
1777187653.jpg
1777187649.jpg
1777187645.jpg
1777187642.jpg
1777187632.jpg
Алдыга
Артка
1777187686.jpg
1777187642 (1).jpg
1777187621 (1).jpg
1777187718.jpg
1777187706.jpg
1777187702.jpg
1777187694.jpg
1777187690.jpg
1777187682.jpg
1777187674.jpg
1777187669.jpg
1777187665.jpg
1777187661.jpg
1777187653.jpg
1777187649.jpg
1777187645.jpg
1777187642.jpg
1777187632.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Күн мурун Ю.Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу күнүнүн 40 жылдыгына арналган эскерүү митинг-реквием өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдар, баатырлардын үй-бүлөлөрү, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, ошондой эле "Союз Чернобыль" коомдук бирикмесинин төрагасы Кадырбек Сасыкулов катышты.

Иш-чара эстеликке гүл коюу менен башталып, "Жалгыз аялдын үнү" музыкалык чыгармасы жаңырды. Андан соң каза болгондорду эскерүү үчүн бир мүнөт унчукпай туруу жарыяланып, үч жолу залп менен ок атылды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын социалдык өнүктүрүү  органдарында Чернобыль кырсыгынын кесепеттеринен жабыркаган 263 адам каттоодо турат. Алардын арасында кырсыкка катышуучулардын жесирлери, майыптыгы бар адамдар жана кырсыктын кесепеттерин жоюуга түздөн-түз катышкандар бар.