Чектөө киргизилет. Жайкы дөңгөлөк менен жүргөн айдоочуларга эскертүү

Коом Загрузка... 10 Декабрь 2025 14:40
copyright icon ЖКККББ

Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Өлкө аймагында аба-ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу ашууларда маал-маалы менен оор жүк ташуучу жана жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилип жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол инспекторлору унаалардын кышкы дөңгөлөктөрүн, кошумча чынжырларын, унаанын техникалык абалын текшерип, зарыл жумуш болбосо алыс жолго чыкпай турууну сунуштайт.