Чек арадан 12 млн сомдук товарды мыйзамсыз алып киргендер кармалды

Экономика Загрузка... 24 Март 2026 12:55
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Салыкчылар өлкө аймагына биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө продукцияны кол жүгү катары алып келген адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз импорт фактысы аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында ENYIDA аталышындагы 4 400 таңгак биологиялык активдүү кошулмалар табылган. Алдын ала эсептөө боюнча продукциянын жалпы суммасы 12 млн сомдон ашат.

Салык кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүп, продукция убактылуу тартып алынды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.