Санариптик кызматтарды кеңейтүү: Туристтик сезонго даярдыктар талкууланды

Коом Загрузка... 19 Март 2026 15:32
turizm_rRAw4TK.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Бүгүн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги жолукту.

Фонддон билдиришкендей, тараптар туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана алардын коопсуздугун камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Быйыл туристтик агымдын өсүшү болжолдонуп жаткандыктан туристтик сезонго комплекстүү даярдык көрүү жолугушуунун негизги темасы болду. Ошондой эле жарандар жана чет өлкөлүк туристтер менен өз ара аракеттенүү үчүн санариптик кызматтарды киргизүү жана кеңейтүү, анын ичинде маалыматтык колдоо жана жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө басым жасалды.

Мындан тышкары, тоо туристтик маршруттарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде системалуу маалыматтык-навигациялык камсыздоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар туризмдин сапатын жогорулатуу жана инвестиция тартуу боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну макулдашты.