Чек арачылар Кынды ашуусунда калган туристтерди куткарышты

Коом 516 13 Февраль 2026 14:00
633729794_1860312785249391_5690711290133258833_n.jpg
633751865_1860312678582735_6135500684501208956_n.jpg
633797513_1860312778582725_9129076147288893707_n.jpg
633842020_1860312728582730_5503635747563781595_n.jpg
633853343_1860312748582728_815216923816835618_n.jpg
634093358_1860312685249401_5557617594554701224_n.jpg
634141546_1860312845249385_1849399314408110521_n.jpg
634260645_1860312875249382_6455521054095543539_n.jpg
634439999_1860312838582719_8269918681264910723_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик чек ара кызматы

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Калың кардан улам Кынды ашуусунда жолдо калган туристтер куткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдо аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Катуу шамал согуп, көрүнүш кескин начарлаган. Натыйжада Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаа менен бара жаткан Кыргызстандын эки жараны жана Кореянын эки жараны жолдо калып калган.

Оор аба ырайына карабастан, алардын бири саат 07:00 чамасында "Кынды" чек ара заставасынын көзөмөл-өткөрүү жайына жөө келип, жардам сурап кайрылган. Алардын чечкиндүү аракетинин негизинде ыкчам чаралар көрүлүп, кооптуу абалда калган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүлдү.

Коопсуздук чаралары толук камсыздалып, жабыркагандар болгон жок.

Адистер тоолуу аймактарда аба ырайы кыска убакыт ичинде кескин өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертишет. Жарандар жана туристтер тоо жолдоруна чыгар алдында аба ырайы тууралуу маалыматты тактап, коопсуздук эрежелерин сактоосу зарыл.