Чек арачылар Казакстандан ташылып келе жаткан 6 тонна күрүчтү өткөргөн жок

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 17:00
copyright icon WWW

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Казакстандан ташылып келе жаткан күрүч чек арадан өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Жол" фитосанитардык текшерүү постунда Казакстандан ташылып кирген 6 миң килограмм күрүчкө карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада жүктүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги аныкталган.

Евразия экономика биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, жүк кайра артка кайтарылды.