Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Чек ара маселесин чечүүдө, чекит коюуда өлкө жетекчилигинин чоң саясий эрки болду. Бул тууралуу коомдук ишмер, экс-депутат Аалы Карашев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк масштабдан көрүп турганыбыздай, башка мамлекеттерде жер үчүн талаш-тартыш чыгып, согуш чыгып кеткен учурларга чейин коомчулук күбө болууда.
“Чек ара жаңжалдарынын айынан жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылган. Бирок, кандай гана болбосун адам өмүрү баарынан кымбат. Бул жерде эки тараптуу абад зор жумуш жасалып, чоң эмгек менен чек ара маселеси чечилди. Жыйынтыгында 31-мартта үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюлду”,- деди Карашев.
Коомдук ишмер үч мамлекеттин ортосундагы чек ара тилкесинин тынчтык жол менен аныкталышын аймактагы чоң саясий, тарыхый окуя катары сыпаттады.
“Борбор Азияда терс көрүнүштөргө жол бербей, абал абдан курч болуп турган мезгилде чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкен аймактагы үч мамлекеттин башчылары сыйланышты. Түбөлүк достук декларациясы кабыл алынып, чек ара маселесине акыркы чекит коюлганы менимче дүйнөлүк масштабда чоң саясий да, тарыхый да окуя болду. Ыйгарылган Л.Н. Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгынын берилгени менимче эл аралык маанидеги чоң баа”,- деди ал.
Эскерте кетсек, 22-декабрда аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон салымдары үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Л.Н. Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгы менен сыйланышты.