Чек ара маселеси, туруктуулук: ТИМ башчысы аймактык дипломатиянын жетишкендиктерин атады — Кабар

Чек ара маселеси, туруктуулук: ТИМ башчысы аймактык дипломатиянын жетишкендиктерин атады

Саясат 19 апрель 2026 12:30
673499002_1378696197627220_2565705970194074889_n.jpg
672099404_1378696254293881_9189796079415045663_n.jpg
674035338_1378696267627213_8774645599004692822_n.jpg
671695793_1378696294293877_1764311272318737018_n.jpg
671547192_1378696190960554_6457912646238190360_n.jpg
673559688_1378696300960543_4531241159947230767_n.jpg
673814218_1378696227627217_4912221077954849517_n.jpg
672604083_1378696334293873_6219681883007832243_n.jpg
673798493_1378696327627207_2140533099173806267_n.jpg
Алдыга
Артка
673499002_1378696197627220_2565705970194074889_n.jpg
672099404_1378696254293881_9189796079415045663_n.jpg
674035338_1378696267627213_8774645599004692822_n.jpg
671695793_1378696294293877_1764311272318737018_n.jpg
671547192_1378696190960554_6457912646238190360_n.jpg
673559688_1378696300960543_4531241159947230767_n.jpg
673814218_1378696227627217_4912221077954849517_n.jpg
672604083_1378696334293873_6219681883007832243_n.jpg
673798493_1378696327627207_2140533099173806267_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 19.04.26 /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияда өткөн V Анталия дипломатиялык форумунун алкагында “Бирге көтөрүлүү: Борбор Азия мамлекеттеринин 35 жылдыгына карата глобалдык позициясы» аталышындагы панелдик сессияга катышты.

Сессиянын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Түркиянын делегация башчылары региондун дүйнөлүк күн тартибиндеги өзгөрүп жаткан ролуна баа беришип, анын учурдагы артыкчылыктарын, эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн, коопсуздук тармагындагы заманбап чакырыктар менен коркунучтарды, ошондой эле аймак ичиндеги мамилелердин абалын жана мындан аркы интеграциянын келечегин талкуулашты.

Иш-чаранын катышуучулары Борбор Азияга болгон эл аралык кызыгуунун өсүп жатканын жана эки тараптуу да, көп тараптуу да өз ара аракеттенүүнүн, анын ичинде чет мамлекеттер менен “5+1” форматтарында олуттуу кеңейип жатканын белгилешти.

Жээнбек Кулубаев мамлекеттик курулуш, экономикалык өнүгүү жана аймактык дипломатия жаатындагы Борбор Азия мамлекеттеринин маанилүү ички жетишкендиктерине көңүл буруп, алар саясий суверенитетти бекемдөөгө, олуттуу экономикалык прогресске жетишүүгө жана аймактык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн, анын ичинде чек ара маселелерин чечүү багытында, биргелешкен кадамдарды көрүүгө өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Сессиянын катышуучулары ошондой эле өзгөрүп жаткан глобалдык конъюнктуранын шартында Борбор Азиянын стратегиялык мааниси кыйла жогорулаганын белгилешти. Бул анын өсүп жаткан рыноктук потенциалы, бай жаратылыш ресурстары, транспорттук-логистикалык байланыштардын өнүгүшү жана динамикалуу жаш калктын болушу менен шартталат. Бул контекстте регион келечектеги геосаясий жана экономикалык ландшафтты калыптандырууда маанилүү орунду ээлейт.

Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Түркия менен болгон өзгөчө байланыштары да баса белгиленип, алар жалпы маданий жана тарыхый өзгөчөлүктөргө, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө негизделери айтылды.