Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Чек ара аймагына өтүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү.
Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги №235 токтомуна ылайык, чек ара аймактарында чарбалык иш жүргүзгөн жарандар үчүн өтүү тартиби жеңилдетилди.
Эми чек ара аймагында мал жаюу жана айыл чарба жумуштары менен алектенген жарандар тиешелүү мамлекеттик органдардан атайын уруксат кагазын албастан өтө алышат.
Жарандар төмөнкү документтердин негизинде өткөрүлөт:
- Инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документ (паспорт);
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация же өз алдынча башкаруу органдары тарабынан күбөлөндүрүлүп, Чек ара кызматына берилген аты-жөнү жазылган тизме.
Түзүлгөн тизмелердин колдонуу мөөнөтү — бир календардык жыл.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.