"Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат

Коом 534 17 Февраль 2026 10:56
WhatsApp_Image_E5oH51J.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
635642124_1379187867590397_2023712471184050492_n.jpg
637614717_1379187884257062_4915854440747351725_n.jpg
л.jpg
3.jpeg
1.jpeg
2.jpeg
5.jpeg
4.jpeg
6.jpeg
7.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_E5oH51J.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
635642124_1379187867590397_2023712471184050492_n.jpg
637614717_1379187884257062_4915854440747351725_n.jpg
л.jpg
3.jpeg
1.jpeg
2.jpeg
5.jpeg
4.jpeg
6.jpeg
7.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бишкектеги өрттөн жабыркаган "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда маданий борбор куруу долбоорунун алкагында практикалык иштер башталды. Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан объекттин айланасына тосмолор орнотулуп, имаратты демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 5-ноябрында имаратта өрт кырсыгы катталып, анын натыйжасында объект олуттуу жабыркаган. Окуядан кийин Бишкек шаарынын мэри жерине барып, тиешелүү кызматтарга объект боюнча чечим кабыл алуу жана долбоорду ишке ашырууну тездетүү боюнча тапшырма берген.

"Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы ачылган. Кийинчерээк "Учур" театрына өткөнү менен, имарат эскирип, оңдоого муктаж болгон.