Чаткалдагы экологиялык абал: Эл өкүлү атайын комиссия түзүү демилгесин көтөрдү

Экономика Загрузка... 09 Апрель 2026 16:00
1086579079_571_641_3072_2048_1920x0_80_0_0_58140abeccc7ff8b45ffc385191f82be.jpg

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жайлообай Нышанов парламенттин жыйынында алтын казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө чакырды.

Анын айтымында, мындай өтүнүч менен ага Чаткал районунун тургундары кайрылышкан, алар экологиялык абалга тынчсызданып жатышат. Депутат белгилегендей, аймакта көп жылдык өсүмдүктөрдүн, анын ичинде дарактар менен карагайлардын кыйылышы жана топурактын бузулушу фактылары катталууда.

Ал ошондой эле кээ бир компаниялар ишмердүүлүгү бүткөн соң рекультивация жүргүзбөстөн аймактан чыгып кетерин белгиледи.

Буга байланыштуу эл өкүлү тиешелүү органдарга кайрылып, кен пайдалануу ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү суранды. Ал депутаттардан турган комиссия түзүүнү жана текшерүү жүргүзүүнү сунуштады.