Чакан ГЭСтер ишке кирип, эски агрегаттар реконструкцияланууда

Коом Загрузка... 13 Ноябрь 2025 17:36
WhatsApp Image 2025-11-13 at 10.01.38.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Чакан ГЭСтер ишке кирип, эски агрегаттар реконструкцияланууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, мындай иштердин натыйжасында электр энергиясы кошумча кубаттуулукка ээ болууда.

“Эмки жылдары 40ка жакын чакан ГЭС болот. Буга чейин бир да ГЭС курулган эмес.

2010-жылы Камбар-Ата ГЭСинин 1 агрегаты курулган. Андан бери мына Токтогул ГЭСинин 4 агрегаты ишке кирди. Ар бир генераторуна 60 мВт болуп, жалпы 240 мВт кошулду. Быйыл Токтогул ГЭСине 50 жыл болуп жатат. 50 жыл мурун 1200 мВт болсо, азыр кубаттуулугу 1440 мВт болду.

Ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинин 4 агрегаты 180 мВт болчу, 2 агрегаты реконструкцияланып бүттү, эмки жылы 2 агрегатын пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Ар бирине 9 мегаваттан 36 мВт кошулат.

Апрель айына жакын Орто-Токой ГЭСи ишке кирет. Биз ГЭСтерди реконструкциялап, жылына 60 мВт кошуп жатабыз”, - деди ал.