Үч өлкөнүн чек арасындагы "Достук" стелласынын айланасы көрктөндүрүлдү

Коом 13 ноябрь 2025 16:06
581151081_1549429652876863_6295100435802683285_n.jpg
582709360_1549429702876858_3604756559317049305_n.jpg
580504557_1549429869543508_2688369798090467433_n.jpg
580520342_1549429782876850_3120354184008288750_n.jpg
580803718_1549429676210194_4945743030289965746_n.jpg
581659713_1549429689543526_904324494530971219_n.jpg
581980854_1549429779543517_3883102417786884655_n.jpg
582330302_1549429872876841_2759669897436519315_n.jpg
582392471_1549429776210184_1386688351417756340_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Чек ара кызматы

Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен аймактагы "Достук" стелласынын айланасы көрктөндүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Көрктөндүрүү иштерине Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Исфара жана Өзбекстандын Кокон аймактары боюнча чек арачылары катышты.

Белгилей кетсек, "Достук" стелласы үч мамлекеттин чек араларынын кесилишкен жеринде тургузулуп, үч элдин достук алакасын, чек аралары чектешкен коңшулаш өлкөлөр ортосунда тынчтыкты, биримдикти символдоштурат.

Иш-чаранын жүрүшүндө буга чейин бозоруп турган чек ара аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүзөгө ашырылды. Атап айтканда, кыргыз, өзбек жана тажик чек арачылары 270 даана бак-дарак жана 40 даана арча көчөттөрүн отургузушту. "Достукту" гүлдөтө турчу көчөттөрдү өзбек тарап алып келген.

Биримдиктин, достуктун бекемделиши үчүн күч жумшаган үч мамлекеттин аскер кызматчылары жайыл дасторкон үстүндө биргелешкен түшкү тамактанууну уюштурушту.