Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде казак күрөшү боюнча беттештер өтүүдө.
Казак күрөшү федерациясынын президенти Мирлан Эралиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, кыргызстандык үч балбан жарым финалда күрөшөт.
Анын айтымында, 60 кг салмакта — Оңолбеков Кемал грузин балбаны менен күч сынашат.
82 кг салмакта — Байбол Саламат уулу өзбекстандык спортчу менен кез келет.
Ал эми 100 килограммдан жогору салмакта — Алмаз уулу Орозбек өзбек балбаны менен күрөшөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча 31 өлкө катышып жатат. Жалпысынан 60 спортчу күч сынашып жаткан кези.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.