Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо: №2 гидроагрегат жаңыланууда

Коом 467 25 Февраль 2026 10:00
640088751_906103745347935_7000707968567461481_n.jpg
641164369_906103748681268_8845449209894531521_n.jpg
641427902_906103825347927_7924943090955934607_n.jpg
641435470_906103992014577_2156781142952553434_n.jpg
641468539_906103892014587_7181479746716919383_n.jpg
641494865_906103742014602_8685647482708030625_n.jpg
641509075_906103895347920_3414361971939771122_n.jpg
641531641_906103948681248_5428708496684889195_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатты демонтаждоо жана жаңы жабдууларды жеткирүү иштери пландуу түрдө улантылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда объектиде 44 адис иштеп жатат. Негизги иштер төмөнкү багыттарда жүрүүдө:

  • №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштерине 19 адис тартылып, чечилген түйүндөр ревизиядан өткөрүлүүдө;
  • жаңы агрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3 пайызы келип түштү. Атап айтканда, генератордун статору, ротору, башкаруу жана муздатуу системалары толугу менен жеткирилди. Ошондой эле жумушчу дөңгөлөк жана башка компоненттер жарым-жартылай келди;
  • долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана техникалык материалдарды тариздөө иштери активдүү жүрүүдө.

Модернизациянын негизги максаты — ГЭСтин иштөө мөөнөтүн узартуу, электр энергиясын өндүрүүнүн ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Долбоорду башкы подрядчы CNEEC жана субподрядчы WanFang компаниялары ишке ашырууда.